Ош шаарында 23-сентябрда республикалык төкмө акындардын
«Ак таңдай-2021» аталышындагы айтышы өтөт. Сынак «Алтын комуз» байгесине арналат.
Иш-чаранын тандоо туру 22-сентябрда «Санжыра» эс алуу жайында,
ал эми сынак 23-сентябрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өтөт.