Россия Кыргызстанга мобилдик лаборатория тапшырды

Россия Кыргызстанга мобилдик лаборатория тапшырды.

Унаалар техникалык жардам катары берилди. Мобилдик комплекс

КАМАЗ унаасынын базасында салынган. Анын жардамы менен

биологиялык коопсуздук эрежелерин сактап коркунучтуу жугуштуу

ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Саламаттыкты сактоо

министрлигинен билдиришкендей, мобилдик комплекс

Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар

республикалык борборуна тапшырылды.