Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең Төө-Ашуу, Чапчыма, Кара-Гөө, Ала-Бел
ашууларында кар күрткүлөрү пайда болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол — Эңилчек, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка,
Красная-Горка — Ак-Таш, Казарман — Актал-Чат унаа жолдордун айрым тилкелери
тайгак болуп муз тоңот. Айдоочуларга бул күндөрү этият болуу сунушталат.