Алдыдагы 2 күндө кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына
22 метрге жеткен шамал болот. Катуу жааган жаан-чачындан
улам жол көрүнбөй, унаа кыймылы кыйындайт. Жолдор тайгак болуп,
тоолуу райондордо кар күрткүлөрү пайда болот. Мындан улам
Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма, Кара-Гөө ашууларында жана
Чычкан капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа —Алайкуу,
Красная-Горка — Ак-Таш, Казарман — Ак-Тал — Чат
унаа жолдоруна чыга тургандар этият болушу зарыл.