Өзгөчө абал учурунда суу, жарык, газ өчүрүлбөйт.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал убагында аталган кызматтардын бардыгы
штаттык режимде иштейт. Ал эми карызды төлөө, кечиктирүү,
туумдар боюнча маселе учурда каралып жатат. Эске салсак,
15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында,
Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.