Кыргызстанга Азербайжандан келген 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлөт

Кыргызстанга Азербайжандан келген 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы аймактарга бөлүштүрүлөт.

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысованын айтымында, препаратты бардык, анын ичинде өлкөдөн чыга турган каалоочулар ала алат.

 

Эске салсак, AstraZeneca вакцинасы  эки компоненттүү.

 

Июлдун аягына чейин COVAX программасынын алкагында дагы бир партия келет деп күтүлүүдө. Жалпысынан программанын линиясы менен биздин өлкөгө коронавирустан вакцинанын 2,5 миллион дозасы жеткирилет.