Кыргызстанда мугалимдердин көбү эмделсе, окуу жылы салттуу режимде башталат

Кыргызстанда мугалимдердин көбү эмделсе, окуу жылы салттуу режимде башталат. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Анын айтымында, мугалим жана техникалык кызматкерлердин басымдуу бөлүгү эмделиши керек. Бул жатта Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иш жүрүп жатат.

 

Эгер буга карабай өлкөдө эпидемиологиялык абал оор болсо, анда окуу онлайн форматта уланат, — деди Жусупбекова. учурда министрлик билим берүүнүн эки формасына тең даярдыктарды көрүп жатат.