Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүүдө маселелер жаралбайт

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүүдө маселелер жаралбайт. Буга Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов ишендирүүдө. Анын айтымында, учурда өлкөгө отун темир жол аркылуу жеткирилип жатат.

 

Ал эми күйүүчү майга болгон нарк тууралуу айта турган болсок, Монополдукка каршы күрөшүү агенттиги бааларды орунсуз көтөрүүнү көзөмөлдөйт. Кошумчалап кетсек, учурга карата Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 38 сом 50 тыйынды түзөт.