Кыргызстанда чет өлкөдөн келбеген жарандар коронавируска текшерилбейт

Кыргызстанда чет өлкөдөн келбеген жана алар менен байланышпаган

жарандар коронавируска текшерилбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты

сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар

дене табы көтөрүлүп же өзүн начар сезген учурда өз аймагындагы

бейтапканаларга кайрылып, кеңеш алса болот. Ал ооруканалар

коронавируска текшерүүчү лабораторияга жөнөтүү тууралуу

чечим кабыл алышат. Учурда вирусту текшерүүгө Бишкек жана

Ош шаарында 2 лаборатория иштеп жатат. Кошумча

4 лаборатория даярдалган, — дешти ведомстводон.