Кыргызстанда пандемия катталгандан бери 50 пайыздан ашык насыянын төлөө мөөнөтү жылдырылды

Кыргызстанда пандемия катталгандан бери 50 пайыздан ашык насыянын төлөө мөөнөтү жылдырылды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, муну менен төлөө мөөнөтү узартылган

насыялардын жалпы суммасы 80 миллиард сомду түздү. Бул багытта иштер дагы улантылат.

Белгилеп кетсек, март айында Улуттук банк COVID-19 пандемиясынан улам коммерциялык банктарга

насыяларды өз убагында төлөй албагандарга туум кошууга тыюу салган. Бир катар банктар

насыя төлөө шартын жеңилдетип, мөөнөтүн узарткан.