Кыргызстандын 30 миң доза россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алуу боюнча арызы канаттандырылды

Кыргызстандын 30 миң доза россиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алуу боюнча арызы канаттандырылды. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, препарат өлкөгө ушул айдын аягына чейин жеткирилет деп күтүлүүдө. Вакцина 15 миң адамга эсептелген. Эске салсак, коронавирустан массалык эмдөө Кыргызстанда 29-мартта старт алды.

 

Бул үчүн кытайлык “Синафарм” вакцинасы сатылып алынган. Учурга карата 3 миң 800 адам эмделди.