Россия шаарларына каттаган поезддердин билет баасы 3-июндан тарта арзандайт

Россия шаарларына каттаган поезддердин билет баасы 3-июндан тарта арзандайт.

 

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Алсак, Бишкек – Самара поездине билет баасы 3 миң 600дөн 12 миңге чейин жетсе, Бишкек – Казань темир жолу каттамында билеттердин баасы 4 миң 500дөн 17 миң сомго  дейре жетет. Ал эми Бишкек – Новосибирск билеттери 2 миң   9 сомдон 10 миң сомго чейин турат.

 

Баалар вагондорго жараша аныкталат. Белгилеп кетсек, пандемиядан бери токтотулган поезддер Россия шаарларына кийинки жумадан тарта жүрүп баштайт.