Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режими узартылбайт.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин
жыйынында кабыл алынды. Ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы
районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Ал эми бүт Кыргызстан
боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.