Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү кошумча этабы 24-25-июнда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү кошумча этабы 24-25-июнда өтөт. Жүйөлүү себептер менен сынакка катыша албай калгандар тестти Бишкек жана Ош шаарларында гана тапшыра алат, — деп билдирди Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева.

 

Эске салсак, ЖРТнын негизги этабы 24-майдан 28-майга чейин республика аймагында өткөн. Ага 48 миңге жакын абитуриент катышты.