Садыр Жапаров алгачкы иш сапары менен Россияга кетти

Садыр Жапаров алгачкы иш сапары менен Россияга кетти.

Анын жүрүшүндө өлкө башчы Владимир Путин менен сүйлөшүп,

эки тараптуу маселелерди талкуулашат. Президентти коштоп жүргөн расмий

делегациянын курамында президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов,

биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана башка өкмөт мүчөлөрү бар.

Буга чейин иш сапардын алкагында Кыргызстанга берилчү вакцина, гранттык жардам жана

жеңилдетилген 100 миллион доллар насыя алуу, энергетика, темир жол жана

аба жолдору боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү айтылган.