Кыргызстан президентинин постуна 63 адам күч сынашат

Кыргызстан президентинин постуна 63 адам күч сынашат. Дал ушунча адам БШКга арыз тапшырды. 3-декабрга чейин өлкөнүн башкы постуна талапкерлер өзүнүн колдоосуна 30 миң жарандын колун чогултуп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек.

 

63 талапкердин ичинен сегизи аял жана 55 эркек. Арасында жумушсуздар, ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, мурдагы жана азыркы чиновниктер бар. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.