Мурдагы вице-премьер министр Артем Новиковго мөөнөтүнөн мурда улук
лейтенант аскердик чини берилди. Тиешелүү буйрукка 2021-жылдын 10-майында
өлкөнүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кол койгон.
Новиков погондорду тапшыруу аземинин видеосун социалдык тармактагы
баракчасына жайгаштырды. Пагондорду министр Өмүралиев өзү тапшырды.
Министр белгилегендей, буга чейин мындай сыйлыкты — улук лейтенант
аскердик чинин мөөнөтүнөн мурда Юрий Гагарин алган.