Ош шаарында ачылган күндүзгү стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда.
Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, стационар
Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектептин спорт залына уюштурулду. Эске салсак,
буга чейин Жалал-Абадда бир катар күндүзгү стационарлар ишин жандандырган.