Кыргызстанда дары-дармек 20 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда дары-дармек 20 пайызга кымбаттады.

Бул тууралуу Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

Анын айтымында, медициналык каражаттардын кымбатташы чек ара жана

аба каттамдардын жабылганына байланыштуу. Ошондой эле өлкөдө доллардын курсу

жогорулаганы себеп. Асанов белгилегендей, република боюнча дары-дармектер

жетиштүү деңгээлде жана баалардын жогорулашы убактылуу. Чек аралар ачылгандан кийин

кайра арзандашы ыктымал. Учурда препараттар өлкөгө Кытай жана Россиядан алынып келүүдө.