Кыргызстанга жаздын илеби келип баштайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эми өлкөдө суук болбойт, күн акырындап ушуну менен жылыйт. Ал эми март жылуу болгону менен жаанчыл болушу күтүлөт. Жаан-чачын нормадан бир аз жогору болот.
Жаздын биринчи айында өлкөнүн түштүгүндө түнкүсүн +3…+8 градус, күндүз +18 градуска чейин көтөрүлөт. Түндүктө түнкүсүн +5, күндүз аба табы 16 градуска чейин жылыйт.