Тайланд бийлиги Бангкок шаарынын аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алды.
Эми бул калаа Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп аталат. Бирок Бангкок шаардын расмий эмес аталышы болуп кала берет, жана тексттерде кашаанын ичинде көрсөтүлүп турат.
Жаңы аталыш “Периштелердин шаары жана улуу борбор” дегенди түшүндүрөт. Тайланддын борборунда 8 миллионго жакын киши жашайт.
Башкалаа туристтерди кызыктарган калаалардын бири.