Кыргызстанга жыл башынан бери 3 миллион 800 миң чет элдик турист келди

Кыргызстанга жыл башынан бери 3 миллион 800 миң чет элдик турист келди. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 2 эсе көп. Мындай маалымат Азиялык өнүктүрүү банкынын отчетунда камтылат.

 

Туристтик агымдын көбөйүшү кызмат көрсөтүү тармагынын өсүшүн 3,5 пайызга жана тамак-аш, мейманкана бизнесинин өсүшүн 12,5 пайызга жеткирди.