Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркаган айылдардын окуучулары үчүн онлайн окуу киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жалпысынан 10 мектеп жана 7 бала бакча жабыркады.
Баткен аймагындагы 195 окуу жайында билим берүү убактылуу токтотулду.