Кырыгызстандан мал жана айыл-чарба продукциясын чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кырыгызстандан мал жана айыл-чарба продукциясын чыгарууга убактылуу тыюу салынды.

 

Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев жарыялады. Ал түшүндүргөндөй, мындай чара аларга болгон баа көтөрүлгөнүнө байланыштуу киргизилди.

 

Ал өлкөдө экономикалык абал турукташканга чейин күчүндө болот. Бирок эт экспорттоого тыюу салынган жок, — деди чиновник. Эске салсак, Кыргызстанда акыркы айда эт жана азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады.