Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун баасы арзандап жатат. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 7-апрелде Бишкекте АИ-92 бензинин 1 литри 39 сомдон сатылса, учурда 37 сом 50 тыйын.
Дизелдик отундун наркы 43 сомдон 41 сомго түштү. Бирок түштүк аймактарда күйүүчү майдын баасы кымбатыраак. 92-үлгүдөгү бензин 38 сомдон 42 сомго чейин сатылууда.
Ал эми дизелдик отун 46 сомго чейин жетип жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын наркы дүңүнөн кое берилген заводдордогу баадан көз каранды.