Жалал-Абад шаарында 23-ноябрдан тарта мектептер жана башка коомдук жайлар иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарында 23-ноябрдан тарта мектептер жана башка коомдук жайлар иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары билим алуунун салттуу форматына өтөт.

 

Ал эми калган класстын окуучулары онлайн окуусун уланта бермекчи. Чечим менчик мектептерге да тиешелүү. Ал эми бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу киргизилген чектөөлөр күчүндө калды. Ошондой эле базарлар график менен жумасына бир ирет жабылып, санитардык күн өтөт.