Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кийинки күздө башталышы мүмкүн.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси апрель айында бүткөрүлүүгө тийиш.
Эске салсак, темир жол куруу долбоору боюнча кызматташуу тууралуу үч тараптуу келишимге ушул жылдын сентябрь айында Самаркандда кол коюлган.