Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгенден тартып,
муктаж үй-бүлөлөргө 7 миң тонна ун таратылды. Ал мамлекеттик резервдер
фондунан бөлүндү, — дешти өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн. Мамлекеттен
бөлүнгөн ундун көбүрөөк бөлүгү Жалал-Абад облусуна 2 миң тоннадан ашык жана
Ош облусуна бир миң 705 тоннасы туура келди. Ал эми
эң азы Ысык-Көл облусуна 267 тонна ун бөлүнгөн.