Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 40тан ашык иш-чара өткөрүү пландалууда

Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 40тан ашык иш-чара өткөрүү пландалууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, 31-августта ордо калаада

аскердик жана эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер,

төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, манасчылардын

фестивалдары уюштурулат. Анын ортосунда Марипов белгилегендей, мамлекеттин

юбилейлик датасын белгилөө эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүшү керек