Кыргызстанда быйыл биринчи класска кабыл алынган балдардын саны былтыркыга салыштырмалуу 13 миңге көп. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.
“2022-2023-окуу жылына республика боюнча 166 миңге жакын бала биринчи класска келиши күтүлүүдө. Маалымат үчүн берип коеюн, мына 2021-2022-окуу жылында биринчи класска 153 миң 487 бала кабыл алынган.”
Белгилеп кетсек, өлкө мектептерине биринчи класска кабыл алуу электрондук кезек системасы аркылуу жүргүзүлөт.