Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам транспорт жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду.

Кытай тарап сел жолдордун айрым жерлерин жууп, көпүрөлөрдү бузуп кеткенин, бирок кызматтар оңдоо иштерин баштаганын билдирди.

Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды жолго чыгууда ушул жагдайларды эске алууга чакырат.