Жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке фирмаларга үстөксүз насыя берүүгө 72 млн доллар бөлүндү

Каржы министрлиги жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жеке фирмаларга үстөксүз насыя берүү үчүн 72 миллион доллар бөлдү.

Бул тууралуу ведомство башчысынын орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, жүгүртүүсү 8 миллион сомго жеткен соодагерлер 250 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат, ал эми 30 миллион сомго чейинкилер 1 миллион сом насыя алса болот. Кредитти өлкөнүн 11 банкы берет.