Ошто айрым компаниялар ишке кирди

Ошто айрым компаниялар ишке кирди. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, көмүр кендеринде иштеген 12 компанияга уруксат берилди.

 

Алар Кыргызстандын ички муктаждыгына жана экспорт үчүн көмүр өндүрөт.

 

Андан тышкары облуста үч чоң цемент заводу ишке кирди. Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 22-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.