Кыргызстан жарандарынын айрым категориясына паспорттор акысыз берилет. Мамлекттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, ID-карталарды интернат-үйлөрүнүн тарбиялануучулары, жетимдер, майыптар, 70 жашке жеткен пенсионерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуяларынын катышуучулары ала алат.
Акция майда башталып, 31-августка чейин уланат.
Паспортторду акысыз берүү боюнча токтом долбооруна премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.