Кара-Кулжада жер көчкү козголуп, айыл менен борборду байланыштырган жол үзгүлтүккө учурады.
Бул тууралуу Novosti.kgге район акими Дамир Кулубаев ырастады.
Маалыматка ылайык, 22-май күнү Чалма айыл аймагындагы Токбай-Талаа – Буйга жолунда 10-15 сантиметрге чейин жер көчкү жаракалары пайда болуп, 2 метрге чейин жол чөккөн.
Буйга айылын электр энергиясы менен камсыз кылуучу 3 мамыча жер көчкү нугунда жайгашып, көчкү басып калуу коркунучунда калды.
Мындан улам, 2 миңге жакын тургунду борбор менен байланыштырган жол каттамы үзгүлтүккө учурады.
Учурда альтернативдүү трасса катары Капчыгай айыл өкмөтү каралууда.