Сузак районундагы эки айылга өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бул тууралуу райондун акими Эрмекбай Омошев “Акипресске” билдирди.
Анын айтымында, Благовешенка жана Бостон айылдарына карантин жарыяланды.
Буга коронавирус аныкталган 3 жаран аталган аймактын жашоочулары болгону себеп.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда
вирусту аныктоочу лабораториялар эл аралык стандарттарга туура келет деп ишендирди.