Кыргызстанда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирет.

Анын айтымында, чечимди Республикалык штаб кабыл алды.

Сунушка ылайык, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу өлкөдөгү

бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилет. Мындан тышкары,

50 адамдан ашык бата турган тамактануу жайлары дагы ишин токтотушу керек.

Кырдаалга байланыштуу той өткөргөн жаран жана ресторан ээси жоопко тартылат.

Чектөөлөргө куран окутуулар дагы кирет.