Кытайдын эң улуу жараны Алимихан Сейти 135 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басымалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алимхан Сейти 1886-жылы Синьцян-Уйгур автономиялуу районундагы Кумушерик кыштагында туулган.
Сейти үй чарбачылыгы менен алектенип, көп сейилдеп, ырдаганды жакшы көрчү. Ал дайыма жашоосунда күлүп, шайыр жүрчү деп эскерет небереси.