Мигранттар Кыргызстанга 2,3 миллиард доллар которду

2021-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга 2 миллиард 284 миллион 650 миң сом которулгандыгын Улуттук банк билдирди.
Кеп акча которуу системасы аркылуу салган жеке жактар туурасында болууда.
Өткөн жылдын 10 айында өлкөгө 1 миллиард 959 миллион доллар келип түшкөн. 2020-жылдын башында өнөктөш өлкөлөр пандемиядан улам чектөө киргизгендиктен акча көлөмү азайган.
Эгерде ар кыл жылдардын 10 айлык жыйынтыгын карап көрсөк, бул сумма рекорддук көрсөткүч экенин байкоого болот. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-октябрь айлары, анда 2 миллиард 242,7 миллион доллар которулган.
Мигранттардын чет өлкөлөрдөн жиберген акчасы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бирин түзөт.