Украинага жаңы премьер-министр дайындалды.
Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Маалыматка караганда,
буга чейин вице-премьер кызматын аркалап келе жаткан
Денис Шмыгалды парламент 291 добуш менен колдоду.
Анын талапкерлигин президент Владимир Зеленский көрсөткөн.
Ал эми мурдагы өкмөт башчы Алексей Гончарук
өз каалоосу менен отставкага кетти.