Легендарлуу мушкер Майк Тайсонго тирүү кезинде эле эстелик коюлду. Дүйнөнүн экс-чемпионуна колодон айкел Лас-Вегаста тургузулду. Бирок эстеликти жасаган чебер ийгиликке жеткен жок.
Андагы мушкерди Майк Тайсон өзү дагы, анын күйөрмандары дагы тааныбай койду. Аны салыштырганда, чындыгында окшоштук дээрлик жок.