“Файзер” вакцинасы өлкөнүн бардык аймагына жеткирилет

“Файзер” вакцинасы өлкөнүн бардык аймагына жеткирилет.

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, буга чейин препаратты сактоо шарттарынын оордугунан вакцина ири шаарларда гана жеткиликтүү болот деп пландалган, бирок бул маселе чечилди.

 

Препарат жакынкы арада региондорго бөлүштүрүлөт. Учурда медицина кызматкерлери атайын окутуудан өтүп жатат. Белгилеп кетсек, кечээ Кыргызстанга АКШ тарабынан “Файзер” вакцинасынын 260 миңге жакын дозасы жеткирилди.