Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 29га жетти

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендердин саны 29га жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алар өзүн өзү көрсөткөндөр.  Добуш берүүнүн өзү 28-майга белгиленди.

 

Боршайком кампаниянын жалпы сметасын 18,5 миллион сом деп эсептеген. Эске салсак, Ленин райондук бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңешке келген Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандыктан, анын орду парламентте бош калган.