Боршайком партияларга мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салына турганын эскертет

elections

Боршайком партияларга мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салына турганын эскертет. novosti.kgге БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, эреже бузуу катталса, саясий партия каттоодон алынып, шайлоого катыша албайт.

 

Ошондой эле, саясий бирикмелерге жарандарга белек, акча берүүгө жеңилдетилген акцияларды өткөрүүгө, акысыз товарларды тапшырууга тыюу салынат.

 

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоолорго үгүт иштери 4-сентябрда башталып, 3-октябрда жыйынтыкталат.