Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болууну көздөгөн талапкерлердин саны 15ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.