Кыргызстанда тергөө жүргүзүү боюнча өзүнчө орган түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда тергөө жүргүзүү боюнча өзүнчө орган түзүлүшү мүмкүн. Бул боюнча сунуштар иштелип жатканын Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, тергөө жүргүзүү укугу Ички иштер министрлиги менен УКМКга бөлүнүп берилет же өзүнчө тергөө департамент түзүлөт.

 

Учурда Кыргызстанда ИИМ, Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар.