Кыргызстанга Түркмөнстандан эки өлкө башчылары сүйлөшкөн жүктүн
биринчи партиясы келди. Президент аппаратынан билдиришкендей,
Бишкекке Түркмөнабад шаарынан жүктөлгөн учак келип конду. Эске салсак,
кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда 21 миллион доллардан ашык
жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча
келишим түзүлгөн. Андан тышкары, бир катар багыттагы
кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган.