Оң рулдуу унааларды алып кирүү демилгеси Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин четке какты.

Мыйзам долбоорунда өлкө аймагына оң рулдуу унааларды кайра алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү каралган.

Документтин долбоору февраль айында коомдук талкууга коюлган.

Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Ички иштер министрлиги мындай унааларды каттоого уруксат берүүгө караманча каршы чыгышкан.

Эске салсак, 2015-жылдын жай айынан тарта Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана каттоого расмий түрдө тыюу салынган.