Жайнакова Гүлнур Бердибаевна билим берүү жана илим министринин
орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине
министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайнакова министрлер кабинетинин
19-январындагы тескемесинин негизинде министрдин
орун басарлыгына дайындалган.