Өлкөдө жаңы футбол стадионун курууга даярдык иштери башталды

Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы футболдук стадиондун курулушуна даярдык көрө баштады.

Учурда коргоочу жана жер үстүндөгү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, адистер объектти куруунун варианттарын, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен карап жатышат.

Эске салсак, стадион Чүй облусунун Орок айыл аймагына жайгашат.

Ал 22 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталат деп күтүлүүдө.